Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нур-Султан шаарында Жээнбек Кулубаев Кытайдын ТИМ башчысы менен жолугушту

Тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин бир катар маселелерин талкуулашты

Нур-Султан шаарында Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Ван Идин жолугушуусу болду.


Министрлер кыргыз-кытай мамилелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Тараптар саясий кызматташуунун, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин белгилешти.

Кыргыз Республикасы менен КЭР ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү өзгөчө баса белгиленди. Тышкы иштер министрлери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошону менен бирге Бишкектин жолдорун реконструкциялоо жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.

Кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана жарандардын өз ара катташууларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Ван Иди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

ТИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх