КРнын Улуттук банкы жыл аягына чейин инфляция 15,5% болорун болжолдоодо
Инфляциянын 5-7% орто мөөнөттүү максатына кайтып келиши 2024-жылга жакыныраак күтүлүүдө
Жылдын аягында инфляция 15,5%дын тегерегинде болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын орто мөөнөттүү болжолунда айтылат.
Орточо жылдык инфляция 13,8%ды түзөт. Инфляциянын 5-7% орто мөөнөттүү максатына кайтарылышы 2024-жылга жакыныраак күтүлүүдө.
Тышкы экономикалык абалдын туруксуздугуна байланыштуу учурдагы болжол жогору карай кайра каралып чыкты.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз