Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун чек ара аймактарында жаңы турак-жайлар курулат

Турак-жай граждандарга узак мөөнөткө ижарага берилет

Баткен районунун чек ара аймактарында жаңы турак-жайлар курулат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Менин үйүм 2021-2026 турак-жай программасынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Бакай жана Керме-Тоо тилкелеринде, Лейлек районунун Кулунду, Раззаков айылдарында турак-жайлар курулат. — дейт Мамкурулуштун директору Токтомамбет Сатышов.

Бул үйлөр жарандарга жеңилдетилген шартта (25 жылга чейин) алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

Белгиленгендей, алгачкы ижара мөөнөтү келгенде, төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил каралган.

Мамкурулуштун Баткен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Баткен районунун Ак-Сай жана Бакай айылдарын өнүктүрүүнүн башкы планы жана 100 жана 80 чарчы метр турак жайлардын жумушчу долбоорлору иштелип чыккан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх