Бишкек мэриясы мурдагыдай эле ата мекендик өндүрүштөгү 5 автобус сатып алат
Меморандумга департаменттин директору Максат Нусувалиев менен «Белес KG» ЖЧКсынын башкы директору Мирбек Аскалиев кол коюшту
Бир күн мурун, 16-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгында борбор калаанын мэриясы менен «Белес Кей Жи» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болуп өттү.
Меморандумга департаменттин директору Максат Нусувалиев менен «Белес KG» ЖЧКсынын башкы директору Мирбек Аскалиев кол коюшту.
Меморандумдун алкагында муниципалитет «Белес КЖ» ишканасынан чыгарылган жабдыктардын сапатын алгачкы текшерүү максатында газ кыймылдаткычы бар 5 автобус сатып алууну көздөөдө.
Ошондой эле шаар боюнча мындан аркы пландарды жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапарова менен министрлер кабинетинин төрайымы «Белес» ишканасына барып, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону тапшырышкан.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www