Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча салык жана бажы төлөмдөрү кыйла өскөндүгү тууралуу айтты

Эгерде өткөн жылдын биринчи жарымында салык органдары 47 миллиард сом чогултса, быйылкы жылдын биринчи жарымында 68,8 миллиард сом чогултулган

Парламент депутаттары менен жакшы координацияланган иштин аркасында салыктарды жана бажы төлөмдөрүн чогултууга катуу көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысы эки жыл ичиндеги маалыматтарды келтирди.

«Мисалы, 2021-жылдын биринчи жарымында (январь-июнь) салык кызматы 47 миллиард сом чогултса, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 68,8 миллиард сом чогултулган. 2021-жылдын январь-июнь айларында бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 20,1 миллиард сомду түзсө, 2022-жылдын ушул эле алты айында бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү 31,2 миллиард сомду түздү», — деди Жапаров.

Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх