Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кайрадан аномалдуу ысык күтүлөт

Айрым аймактарда термометр +42ге чейин көтөрүлөт

Кыргызстанда 20-июлдан 25-июлга чейин катуу ысык тууралуу эскертүү жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда абанын температурасы +41, түштүк аймактарда +42, Талас өрөөнүндө +39, Ысык-Көлдө +34 градуска чейин көтөрүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дененин суусун жоготуп, ысыкка чалдыгып калбоо үчүн күн нурунан сактануу, ошондой эле эгиндерди мол сугаруу керектигин эскертти.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх