Эдил Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары улуттар аралык ынтымакты бузуу аракеттерине нөлдүк сабырдуулуктун мамлекеттик саясатына өзгөчө көңүл бурду
Вице-премьер-министр Эдил Байсалов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары караларын баса белгиледи.
Жаңы конституциялык түзүмдүн алкагында мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана элдин биримдигин мындан ары чыңдоо максатында жарандык концепция кабыл алынганын белгиледи. 2021-2026-жылдарга «Кыргыз жараны» инсандыгы бекитилди. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында улуттук азчылыктардын шайлоо процессине жана саясий турмушка инклюзивдүү катышуусун камсыздоо боюнча мыйзамдык чаралардын комплекси ишке ашырылган.
Эдил Байсалов улуттар аралык ынтымакты бузуу аракеттерине эч кандай сабырдуулук менен мамиле кылуу мамлекеттик саясатына өзгөчө көңүл буруп, ар кандай чагымчыл билдирүүлөр жана аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келерин айтты.
Ал Жогорку Комиссардын Аппаратына көрсөткөн колдоосу жана мындан ары кызматташууну өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш тармагында жүргүзүп жаткан саясатын жогору баалап, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Шилтеме
“Кыргыз жараны – 2021-2026” концепциясы мамлекеттин этностор аралык стратегиясынын төмөнкү багыттарын карайт:
жарандык иденттүүлүк түшүнүгүн калыптандыруу;
биримдикти чыңдоо, сабырдуулукту жогорулатуу жана көп түрдүүлүктү сактоо;
мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана көп тилдүүлүктү сактоо;
башкарууга жетүү жана чечимдерди кабыл алууда бирдей шарттарды түзүү;
мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимди жогорулатуу.
Сүрөт www