Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аида Касымалиева БУУнун терроризмге каршы башкармалыгынын брифингине катышты

БУУ Борбор Азиядагы терроризмге каршы күрөшүү боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди

Жакында Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун брифингине катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

 

 

 

Брифинг БУУ тарабынан Борбордук Азияда терроризмге каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле кызматташтыктын жаңы демилгелерин талкуулоого жана терроризмге каршы күрөшүүгө каражат чогултууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө жана Борбордук Азияда зордук-зомбулук экстремизминин алдын алууга мүмкүнчүлүк түздү. 

 

Аида Касымалиева терроризмге каршы күрөшүү боюнча улуттук, аймактык жана эл аралык күч-аракеттерди күчөтүү үчүн уникалдуу глобалдык документ болгон БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын натыйжалуу ишке ашыруунун, ошондой эле Борбордук Азия үчүн биргелешкен аракеттердин жаңыланган планын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. . Буга байланыштуу биргелешкен планды ишке ашыруу боюнча БУУнун түзүмдөрү менен тыгыз координациялоого Кыргызстандын даярдыгы ырасталды.

ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт ТИМ маалымат бөлүмү

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх