Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Элдик Курултайга кимдер делегат боло аларын атады

Президент элди курултайга өз өкүлдөрүн шайлоого активдүү катышууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайга кимдер делегат боло аларын атады. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Элдик Курултай боюнча жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, биринчи Элдик Курултай үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында өтөт. Элдик Курултай боюнча мыйзам долбоору ушул жылдын башында иштелип чыгып, эки ай бою коомдук талкууга коюлуп, андан соң Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган. Бирок, тилекке каршы, кабыл алынган жок. Ошондуктан мыйзам кабыл алынганга чейин мен өз жарлыгым менен быйыл курултайды чакырууну чечтим. Бийликтин бардык бутактары жыл ичинде аткарган иштери боюнча жалпы элге отчет берип, курултайда айтылган сунуш-пикирлерди угат.

Курултайга ким делегат болуп шайлана алат деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда. Курултайдын катышуучуларын жергиликтүү тургундар өздөрү шайлап, өкүлдүк кылат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү элди чогултуп, делегаттарды тандоо боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшөт. Бул жыйындарда эл делегаттарды шайлайт.Шайланган делегат Бишкекте өтө турган курултайга катышат.

Андыктан элди делегаттарды шайлоого активдүү катышууну суранам.

Айыл өкмөттөрүнө, акимдерине жана президенттин өкүлдөрүнө, делегаттарды шайлоого кийлигишпөөсүнө тапшырма берилди.

Мындан ары курултай мурдагыдай болбойт. Эл тарабынан шайланган делегаттар келип, ачык айтып, өз сунушуңарды айткыла», - деп айтылат кайрылууда. 

Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх