Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери стратегиялык маселелер боюнча биргелешкен жыйын өткөрүштү

Ведомстволордун жетекчилеринин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери стратегиялык маселелер боюнча биргелешкен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Түрк тараптын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркияга расмий иш сапары менен барып, кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуп, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынына катышты», - деп билдирди ТИМ. – Жолугушуу тар жана кеңейтилген курамда өттү. Тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалына жана аны бардык тармактарда өнүктүрүү жана тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүнө баа беришти, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Ошондой эле министрликтин маалыматы билдиргендей,  жолугушууда Кыргызстан менен Түркия экономика жана соода, коопсуздук жана коргонуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, транспорт жана энергетика, маданият, туризм, спорт ж.б. тармактарда кызматташууну жана координацияны тереңдетүүгө чакырышты.

«Бир катар маанилүү маселелерди талкууладык, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн 1 миллиард $ долларга чейин жогорулатуу жана кыргыз-түрк өнүктүрүү (инвестициялык) фондун түзүү», - деп айтылат министрликтин маалыматында. «2022-жылдын сентябрында Изник ​​шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча, ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын күзүндө Кыргызстанга боло турган иш сапарына да токтолушту.


ТИМдин басма сөз кызматы.
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх