Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге Сычуандагы жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кырсыктын кесепетинен 20дан ашуун адам каза болгон деп болжолдонууда

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди

«Кытайдын Сычуан провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жапа чеккендердин бардыгына тезирээк сакайып кетишин каалайм!

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз», - деп айтылат президенттин телеграммасында.

Кечээ Кытайдын Сычуань провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн 20дан ашуун адам каза болуп, андан тышкары үйлөр жана инфраструктура кыйрап калган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх