ТИМ Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды
ТИМ Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи
Бир күн мурун, 5-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэни кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Кулубаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бул жолдун келечегин жана анын аймактагы өз ара байланышты арттыра турган жогорку транзиттик потенциалын баса белгиледи.
Тараптар ошондой эле өткөрүү пункттарынын ишин оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынан КЭРге айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү боюнча милдеттерди жана пландарды талкуулашты.
Көп тараптуу кызматташуу боюнча тараптар ШКУнун алдыдагы саммитинин, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты. Жолугушуу достук кырдаалда өтту.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт www