Кадамжайда кызды зордуктоо жана өлтүрүү. Садыр Жапаров коомубузга сырттан келген жаман адаттарды эске салды
Президент балдарга карата ырайымсыз мамилени коомчулукту айыптоого чакырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу Кадамжайда 14 жаштагы кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча маалымат берди.
Бул жерде басылманын толук тексти.
«Урматтуу мекендештер!
Баткен облусунун Кадамжай районунда кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу кабар мени абдан кейитти. Кыргыз эли эзелтеден кыздын башынан бир тал чачы түшпөсүн деп өзгөчө аяр мамиле жасаган, бул салт болгон. Элибиздин аялдарга, кыздарга болгон өзгөчө мамилесинин аркасында Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза өңдүү баатырлар, Курманжан даткадай акылман башкаруучулар жарык дүйнөгө келген.
Жакында салттуу баалуулуктарды сактоо жана өркүндөтүү боюнча токтом кабыл алганыбыз бекеринен эмес. Бул коомубузду сырттан келген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук өзгөчөлүгүбүздү калыбына келтирүү аракети.
Урматтуу бир туугандар!
Кадамжайдагы мыкаачылыкты эл алдында айыптайлы. Жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо боюнча ишибизди кучөтөбүз. Ар бирибиздин коом алдында жоопкерчилигибиз бар экенин унутпайлы.
Укук коргоо жана башка тиешелүү органдарга уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктун алдын алууну күчөтүүнү тапшырдым. Кадамжайда жасалган мыкаачылык кечирилгис. Кылмышкерлер катуу жазаланышы керек. Бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө болот.
Сүрөт www