Ысык-Ата районунда Орусиянын жаранын өлтүрүүгө аракет жасалды (фото)
Шектүү Казакстанга качып кеткен, бирок ал табылып, кармалган
3-сентябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасын Россия Федерациясынын жараны 1998-жылы туулган А.В. бычактан жаракат алып түшкөн.
Бул факты Ысык-Ата районунун ИИБнын КЖБРге катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышты жасаган адам аныкталган 1984-ж.т. А.А болуп чыкты. Ошол эле күнү Казакстандын чек арасынан өтүп, дайынсыз жоголгон.
Кийин ага издөө жарыяланып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү менен А.А.нын жайгашкан жери туулгандыгы аныкталып, кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облусунун ИИББнын сүрөтү