Баткендиктер мекенине кайтууну улантууда. Бишкек мэриясы транспорт жагынан жардам берет
Транспорт башкармалыгы 3 күн ичинде Баткен облусуна 54 кичи автобус жөнөттү
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кичи автобустар уюштурулуп, алар күн сайын Баткен районунун тургундарын кичи мекенине жөнөтүшөт.
Транспорт департаменти 3 күн ичинде Баткен облусуна чек арадагы айылдардын эвакуацияланган 1016 тургуну менен 54 кичи автобус жөнөттү.
Муниципалитет Баткен облусунан келген мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантууда.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз