Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аба ырайы тууралуу эскертүү. 1-октябрдан тарта күн сууктап, жамгыр жаап, карга айланат

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет

1-октябрдан тарта республикада туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт: 1-октябрда күндүз Чүй, Талас өрөөндөрүндө +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +16...+21, +9 градус жылуу болот. ...Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +14 градус, тоолуу райондордо +1...+6 градус суук, бийик тоолуу райондордо -1...+4 градус  болушу күтүлөт.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Ал эми 2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде -1...-3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунааларды, энергетика жана коммуналдык кызматтарды жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Үшүк жашылча-жемиштерге, казылган жана үстү ачылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх