Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Махабат Шамбетованы жаңы кеңешчи кылып дайындады

Мэр анын архитектура жана транспорт тармагындагы тажрыйбасын эске алды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Шамбетова Махабат Амантуровнаны архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси кылып дайындады.

Буга чейин ал  «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында иштеген.


«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык дайындалды.                                    

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Бишкек мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх