Биринчи Элдик Курултайга делегаттар: Эл үмүтүн актады
Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы министрлер кабинетинин мүчөлөрү бардык суроо-талаптарды жана даттанууларды кунт коюп угушкандыгын белгиледи
Биринчи Элдик Курултайда 143 делегат өз суроолорун, сунуштарын, сын-пикирлерин айтууга үлгүрдү. Бул тууралуу биринчи Элдик Курултайдын спикери Кадырали Кошалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, делегаттардан 2 миңден ашык суроо жана сунуштар келип түшкөн.
Кошалиев иш-чаранын негизги бөлүгү аяктагандан кийин министрликтер тарабынан делегаттарды кабыл алуу уюштурулганын билдирди.
«Бардык министрлер делегаттардын буйруктарына жана суроолоруна жооп беришти», - деди ал.
Спикер Курултай элдин үмүтүн актаганын кошумчалады.
«Бул жолугушуунун негизги максаты — жарандардын көйгөйлөрүн айтып, аларды чечүүнүн жолдорун издөө», - деп түшүндүрдү ал. — Иш-чаранын жүрүшүндө делегаттар элдин пикирин ачык айтышты. Курултайдын ишине президент жана Министрлер кабинетинин толук курамы эки күн бою, анын иши аяктаганга чейин катышып, элдин кайрылуусун угуп, көңүл бурууну талап кылган көйгөйлөргө кеңири токтолду. Бирок ага чейин жыйынга “дежур” делегаттар келерин айтышкан”.
Эске салсак, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте биринчи Улуттук Курултай өткөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун делегат, Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.
Сүрөт www