Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин акимиаты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Тактап айтканда, келерки жылы 100 жашка чыга турган Асек Урманбетовго барышты. Азыр деле аңгеме, поэма, роман жазат

Ленин акимиаты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Ленин районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан жаңы жылдык майрамдары менен куттуктады.


Биринчилерден болуп район башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, райондун көп жашаган ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып, 2023-жылы ардагер 100 жашка толот. Ардагер кары-картаң болгонуна карабастан катарда калууда. Китеп, аңгеме, поэма, роман жазат, кары-картаңдарга, майыптарга, эмгекчилерге, согуш ардагерлерине жардам көрсөтүүчү «Ак жол» коомдук фондун жетектейт.


Тагаев ардагерди келе жаткан 2023-жаңы жылы менен куттуктап, белектерин тапшырып, ага чың ден соолук, бакубат маанай жана бардык жакшылыктарды каалады.

Аким 96 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдулхалик Гайсинге да барды. Ардагерге акчалай жардам жана белектер берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы
Бишкек шаарынын мэриясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх