Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов Энергетика министрлигинин жетекчисине: Социалдык тармактарда Ширшов менен түшкөн сүрөтүңүз тарап кетти. Бул канчалык чын?

Таалайбек Ибраев Максим Бакиевдин жакын адамы менен качан сүрөткө түшкөнүн айтып берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов энергетика министри Таалайбек Ибраевден жоопкерчиликти талап кылды.

«Сиз качандыр бир убакта электр жарыгы өчүрүлбөйт деп жоопкерчиликти алгансыз», - деп эскертти эл өкүлү. - Өчүрүүлөр болуп жатат. Эми сенин жоопкерчилигиң эмне болот? Буга чейин аварияга алып келген адамды ЖЭБге жетекчи кылып койгонсуз. Кайрадан кырсык болуп кетсе, сиз да жооп бересизби? Бир жолу Ширшов менен иштешиптирсиз, ошондой өчүп калган учурлар болгон. Эми сиз энергетика тармагын жетектедиңиз жана өчүрүүлөр кайра башталды. Өткөндө Ширшов экөөңөр кайда жүргөнүңөр тууралуу маалымат, сүрөт тарады. Бул канчалык чын?

Өз кезегинде Энергетика министрлигинин башчысы парламентарийдин суроолоруна жооп берди.

«Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин», - деп жооп кайтарды министр. Быйыл кыш өзгөчө суук болду. Электр энергиясын керектөө бир кыйла өсту. Сатып алган жабдууларым бүгүнкү күндө 110 пайызга иштеп жатат. Ал эми ТЭЦке келсек, ал стратегиялык объект. Ошондуктан бул уюмду жетекчиликсиз калтырууга болбойт. Айрыкча кышында. ЖЭБдин жаңы жетекчиси милициядан уруксат кагазы бар деп ишендирди. Ширшов менен түшкөн сүрөткө келсек, ал 2009-жылы тартылган. Эски сүрөт социалдык тармактарга жарыяланды.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх