Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шавкат Мирзиёев: Чек ара маселеси Садыр Жапаровдун саясий эрки менен чечилди

Мамлекеттик резиденцияда Кыргызстан менен Өзбекстандын делегацияларынын кеңейтилген сүйлөшүүлөрү башталды

Бишкекте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий сапарынын алкагында Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кеңейтилген сүйлөшүүлөр башталды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул сапар тарыхый экенин, анткени Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүгүн аяктай турганын белгиледи.

«Биз ар тараптуу кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коебуз, ал биздин мамилелердин пайдубалын түптөйт», - деп жыйынтыктады ал.

Өз кезегинде Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев анын эли Кыргызстандын өнүгүүсүн көрүп кубанып жатканын белгиледи.

«Дүйнөдөгү окуяларга карабастан, сиздердин өлкөдө жашоо деңгээли жакшырып, экономика өсүүдө. Айтайын дегеним, чек ара маселеси Садыр Нургожоевичтин саясий эркинин аркасында чечилди. Ушунча жылдан бери бул көйгөйлөрдү чечүү керек деп келе жатабыз, бирок 30 жыл өттү, эч нерсе жасалган жок. Бүгүн чек ара маселелери боюнча чыныгы тарыхый келишимге кол коюлду”, - деди кошуна республиканын лидери.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх