Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

АКШ "Ислам мамлекетинин" лидерлеринин бирин жок кылды

Билал ал-Судани ИМдин Африкадагы ишмердүүлүгүн жетектеген

АКШ Сомалиде “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидерлеринин бирин жок кылды. Бул тууралуу RT маалымат порталы билдирди.

АКШнын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, ИШИМдин Африкадагы ишмердүүлүгүн жетектеген жана ошондой эле дүйнө жүзү боюнча логистиканы каржылоого жооптуу болгон Билал ал-Судани менен бирге тыюу салынган уюмдун онго жакын мүчөсү да жок кылынды.

Атайын операция өткөрүүгө президент Жо Байден уруксат берген. Америкалык бийликтердин маалыматы боюнча, америкалык аскер кызматкерлери жана жай тургундар арасында курман болгондор жок.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх