Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутаты Камила Талиева аткаминерлерди такалап..

Vesti.kg редакциясы Камила Талиеванын чиновниктерди тилдеген жыйындарына көз чаптырды

22-февралдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Камила Талиева жыйынга келген чиновниктерден суроону так угуп, өзүнүн адистиги боюнча туура жооп берүүнү талап кылды.

Отурумда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаевага Памирден келген этникалык кыргыздарга жарандык берүү туурасында суроо узатылган.

Алыбаева суроого так жооп бербегендиктен, суроого УКМКнын чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучусу Нурланбек Жалбиев “Чек арадан паспорту жокторду өткөзбөйбүз”,-деп жооп кайтарган.

Ага Камила Талиева: “Бээ десе, төө дебей, суроону так угуп, жооп бериңиздер”,- деди.

Vesti.kg редакциясы Камила Талиеванын чиновниктерди тилдеген дагы башка жыйындарына көз чаптырды.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх