Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбек Кулубаев БАЭ тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти

2023-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Абдалла бин Заид Аль Нахайян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлине канааттангандыгын билдиришип, түрдүү тармактарда кызматташуу прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилешти. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын сактоо максатында, министр Ж.Кулубаев БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайяндын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар, Кыргыз Республикасында түзүлө турган кыргыз-эмират холдингинин ишин баштоону тездетүүнү макулдашты.

Соңунда Ж.Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх А.Аль Нахайанды Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх