Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Гамбург шаарынын биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушту

Ал Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер өнүгүп жана диалог менен коштолууда

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына болгон иш сапарынын алкагында Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Биз Германия менен болгон өз ара мамилелерди жогору баалайбыз жана мындан ары аны бардык тармактарда ар тараптуу тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө умтулабыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жылдарында достук жана өнөктөштүк мамилелер өнүгүп, алар үзгүлтүксүз саясий диалог менен коштолууда», - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Гамбург Германиянын экономикасынын жана соодасынын борбору катары эки өлкө ортосундагы сооданы жана бизнести кеңейтүү үчүн символикалык жер экенин белгиледи.

Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы германиялык тажрыйбаны жана технологияларды үйрөнүүгө жана ишке киргизүүгө, ошондой эле коомдук транспортту, шаар курууну пландаштыруу, таштандыларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү, жарандарды уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Гамбург шаарынын биринчи мэри, Сенатынын президенти Петер Ченчерди Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Гамбург шаарынын биринчи мэри Петер Ченчер шаарда кыргыз-герман бизнес-форуму жана ишкерлер кеңешинин жыйыны Гамбургдун ишкер чөйрөлөрүнүн активдүү катышуусу менен өткөндүгүн канааттануу менен белгиледи. Ал өлкөгө чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Петер Ченчер кыргыз тарап менен жашыл энергетика, транспорт жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх