Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Догдуркул Кендирбаеваны тааныштырды

Президент жаңы министрдин алдына абдан маанилүү жана зарыл милдеттерди белгиледи

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаеваны тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Минкаб төрагасы билим берүү тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жатканын белгилеп, жаңы министр ал реформаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишеним артаарын билдирди.

“Азиз Абакировдун — биздин жигиттер Кыргызстанда туруп, бүткүл дүйнө боюнча иштеше алат деген сөзү бул жерде орундуу. Биздин милдет бул үчүн шарт түзүү. Президент Догдуркүл Кендирбаеванын алдына жаңы министрдин командасы жакынкы аралыкта ишке ашырууга тийиш болгон абдан маанилүү жана зарыл милдеттерди белгиледи”, — деген Акылбек Жапаров, жаңы министрдин милдетин аткаруучуга ийгилик жана эмгекчилдик каалады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх