Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Садыр Жапаровду «Ардак» ордени менен сыйлады

Орус лидери тиешелүү жарлыкка кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду «Ардак» ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду.

«Россия менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн», — деп айтылат жарлыкта.

Эске сала кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип, анын алкагында Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Шериктештиктин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Кыргызстандын төрагалыгы астында 13-октябрда Бишкекте өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин (КМШ) жыйыны.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх