Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып текшерди

Анын жыйынтыгында эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону тапшырды

Президент Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып, текшерди. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Тактап айтканда, ал М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатына жана М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайына барды.

Мамлекет башчысы окуу корпустарын карап чыгып, балдардын окуу шарттары жана процесси менен таанышты.

Алсак, М. Абдраев атындагы мектеп-интернат совет мезгилинде курулуп, окуу корпустары оңдоп-түзөөгө муктаж, балдар жатаканасынын имараты болсо кейиштүү абалга келген.

М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы 1939-жылы курулуп, 2015-жылы имараттын маңдайкы бөлүгү гана оңдолгон. Жетекчиликтин маалыматы боюнча, эч качан капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес.

Күтүүсүз барып, текшерүүнүн жыйынтыгында президент Жапаров эки мектепте тең капиталдык оңдоо иштерин жасоону, билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүнү, ошондой эле эки мектептин аймагында балдар үчүн жатаканалардын жаңы имараттарын куруп баштоону тапшырды.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх