Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров РФ президентин тосуп алды

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – КР президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх