Акылбек Жапаров: Бардык үй-бүлө мүчөлөрүн сүрөткө тартып анан муктаждарга жардам беребиз
«Дүйнөлүк банк боюнча өлкөдө бардыгы кедей, бирок ошол эле маалда 1,5 млн унаа жүрөт»
Ырыстуу жашоодо жашап, бирок жөлөкпул алган кыргызстандыктар телеканалдар менен интернеттен көрсөтүлөт. Бул тууралуу кабминдин башчысы Акылбек Жапаров ЖКнын бюджет, экономика жана фискадык саясат боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда аз камсыз үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча Дүйнөлүк банктын методологиясы иштейт.
«Бул методология боюнча мамлекетте дээрлик бардыгы кедей, бирок, ошол эле маалда өлкөдө 1,5 млн унаа жүрөт. Биз Кытайдын методологиясы жөнүндо сурадык. Алар бардык үй-бүлө мүчөлөрүн сүрөткө тартып, кирешелин карап чыгып анан муктаждарга жардам беришет. Кийинки жылы биз дагы ушинте баштайбыз. Азыркыга чейин 212 миң үй-бүлөнү сүрөткө тартып, маалыматтарын тактап койдук, - деди чиновник.
Фото www