Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун бир добуштан жактырды

Мыйзам долбоору эми ЖКнын жалпы кароосуна жиберилет

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети жактырды. Мыйзам долбоору эми ЖКнын жалпы кароосуна жиберилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкундуу формадан күндүн нурларына так окшоштурулган формага өзгөртүү сунушталууда.

Ошондой эле күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган.
Тууну өзгөртүү сунушу коомчулукта бир катар ача кептерди, талкууларды жараткан.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин авторлору жаңы мамлекеттик символдун эскизин иштеп чыгып, аны президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев колдогон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх