Ала-Тоо аянтында салтанаттуу түрдө Кыргызстандын жаңыланган туусу илинди
Бул ирет Жогорку Кеңеш кабыл алган туу көтөрүлдү
Бүгүн, 8-январда борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында салтанаттуу түрдө Кыргызстандын туусу илинди. Бул ирет Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинди. Иш-чарага
министрлер кабинетинин төрасы Акылбек Жапаров жана башка өкмөт мүчөлөрү катышканы айтылууда. Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Эске салсак, 1-январда Ала-Тоо аянтында жаңы, бирок дизайны башкача болгон желек көтөрүлгөн. Бул карапайым жарандардын эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын да нааразычылыгын жаратып, алар мамлекеттик символдун таптакыр башка дизайнын кабыл алышканын белгилешкен. Ошондой эле эл өкүлдөрү туу көтөрүүнү салтанаттуу түрдө эмес, тымызын түндө көтөрүлүп жатканы үчүн бийликти сынга алышкан.
Кошумчалай кетсек, социалдык тармактарда Ала-Тоо аянтында көтөрүлгөн тууда 40 эмес, 39 нур түшүрүлгөнү боюнча талаш-тартыштар жаралган.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өз кезегинде айрымдар жалган маалымат таратып, желектеги бир нурду атайылап санабай жатышканын айткан.
Фото www