Кыргызстандын мамлекеттик катчысы туу көтөрүү аземине эмне үчүн президент катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү
“Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок”
Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү аземине эмне үчүн президент Садыр Жапаров катышпагандыгынын себебин түшүндүрдү.
- Жаңыланган тууда кардиналдуу өзгөрүү болгон жок, негизги идея сакталып, бир аз гана техникалык өзгөртүүлөр киргизилди. Ошого байланыштуу иш-чараны Садыр Жапаровсуз өткөрүү чечими кабыл алынды, - деди ал.
Эске салсак, бүгүн Ала-Тоо аянтында жаңыланган туунун салтанаттуу көтөрүлүү аземи болуп өттү. Бул ирет Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган вариант илинди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз