Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“ЖМК жөнүндө” долбоордун жаңы варианты Жогорку Кеңешке түштү

Ал парламенттин сайтында катталды

Жогорку Кеңешке министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору келип түштү.

Долбоордун маалымкат-негиздемесинде азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганы, медиа тармагындагы андан берки өзгөрүүлөр мыйзамда камтылбай калганы жазылган. Жаңы сунушталып жаткан долбоордо журналисттин социалдык жоопкерчилигин жана укуктук маданиятын калыптандыруу максаты коюлганы айтылат.
55 беренеден турган мыйзам долбоорунда жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо жана ишмердигин жүргүзүү, журналисттердин милдети жана укугу каралган. Долбоорго ылайык, маалымат сайттары тармактык жалпыга маалымдоо каражаты катары Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каттоосунан өтүшү керек. ЖМК катары каттоодон өтүү үчүн арыз Юстиция министрлигине же Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилет.

Мыйзам долбоорунда “Сөз жана басма сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жоопкерчилик” деген берене да каралган. Документте маалымат каражаттарынын иштөө тартиби, жалпы түшүнүктөр жазылган.
Мыйзам долбоорунда “өз оюн эркин билдирүүнү, сөз жана басма сөз, маалыматты алуу жана жайылтуу эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбей турганы” белгиленген. Жалпыга маалымдоо каражаттарын ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланууга тыюу салынары жазылып, анын ичинде “бийликти зомбулук менен басып алууга же Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүн зомбулук менен өзгөртүүгө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды жайылтуу үчүн” деген да кошулган.

Мыйзам долбоору менен кененирээк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтынан тааныша аласыз.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 28-сентябрында президенттик аппарат “ЖМК жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун жарыялаган. Бирок катуу сын жана нааразычылыктан кийин Садыр Жапаров мыйзам долбоорун аягына чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүү буйругуна кол коюп, анын курамына медиа тармагынын өкүлдөрү кирген.
2023-жылдын январында “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорунун экинчи варианты жарыяланып, бул дагы ЖМК өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жараткан. Ал эми февраль айынын башында президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” КР мыйзамын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко 11-февралда мыйзам долбоорунун мурда белгисиз болгон үчүнчү вариантын сунуштаарын билдирген.
Белгилей кетсек, Венеция комиссиясы Акыйкатчы институтунун жана КР юстиция министри Аяз Баетовдун сунушу менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун талдап, аны биротоло иштеп чыгууну сунуштаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх