Улугбек Ормонов ЖМКлар боюнча мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады
Мыйзам долбоору Транспорт комитетинин күн тартибинен чыгарылды
Депутат Улугбек Ормонов ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Бүгүн депутаттар Жогорку Кеңешке президенттик аппарат тарабынан сунушталган ЖМКлар боюнча жаңы мыйзамды карашы керек болчу. Жыйындын жүрүшүндө президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов юстиция жана маданият министринин орун басарлары сөз сүйлөй турганын билдирди.
Бирок, депутаттар министрдин өзү жок бул мыйзам долбоорун карабоо сунушун киргизишти.
Улугбек Ормонов бул маселени кароону кийинкиге жылдырууну сунуштады. Аны көпчүлүк депутаттар колдоп, процесс транспорт комитетинин кийинки жыйынына жылдырылды.
Фото www