Жанар Акаев журналисттердин камалышы тууралуу: Биз бул маселени жөн койбойбуз жана аны парламентте, комитеттерде көтөрөбүз
“Бул сөз эркиндигине түздөн-түз чабуул”
ЖКнын “Альянс” фракциясынын лидери Жанар Акаев “көз карандысыз журналисттердин үйүн тинтип, күч менен суракка алынып кетишин сөз эркиндигине чабуул” деп баалады. Бул тууралуу ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.
- Журналисттердин үйүн тинтип, аларды суракка күч менен алып баруу – бул сөз эркиндигине түздөн-түз чабуул. Ушундай окуялар журналисттерди өзүн-өзү чектегенге, саясий, коррупциялык чоң темаларды иликтөөгө жолтоо болот. Кыргызстан ансыз деле сөз эркиндиги, журналисттерге болгон куугунтук жагынан эл аралык рейтингдерди бир топ артка кеттик. Журналисттерди таңга маал барып тинтүү Ички иштер министрлигинин сөз эркиндиги, демократияга болгон жаман мамилеси. Биз бул маселени жөн койбойбуз жана аны парламентте, комитеттерде көтөрөбүз. Журналисттерге мындай мамиле болбошу керек, - деген Жанар Акаев “Азаттыктын” журналисттерине.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Темиров Live телеканалынын бир катар мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, күч органдары 10 журналистти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишкен.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Темиров Live медиаларынын баракчаларынан массалык баш аламандыкка чакырган маалыматтар табылганын билдирдип, кылмыш ишин козгогон.
Фото www