Эмил Жамгырчиев комитет жыйынына келди
Ал ЖКнын комитет жыйынына катышты
Бүгүн, 16-январда депутат Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңешке келди. Ал Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет жыйынына катышканы белгилүү.
Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.
9-январда Эмил Жамгырчиев маалымат жыйынын өткөрүүнү пландаган. Ал иш-чарага га журналисттерди чакырып, ага кылмыш иши козголгонунун чыныгы себептерин айткысы келген. Ошол эле учурда Башкы прокурордун сунушун кароо боюнча парламенттин депутаттык комиссиясы эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени белгилүү болгон.Муну билген Эмил Жамгырчиев экинчи кабаттагы кесиптештеринин биринин иш бөлмөсүнун терезесинен секирип кеткен.
10-январда парламент жыйынында Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңешке макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун караган депутаттык комиссиянын жетекчиси Алишер Эрбаев Өзбекстанда Жамгырчиевге кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын айтымында, Эмил Жамгырчиев 2022-жылдын декабрь айында белгилүү ишкер Салим Абдувалиев (Салимбай деген ысым менен белгилүү) менен жашыруун жолугуп, анын колдоосун алуу үчүн Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Мындан кийин
16-декабрда кайрадан Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Бишкекке кайтып келген.
Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш башкы прокурорго депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.
Фото www