Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын медиа коомчулугу журналисттердин жапырт камалышы боюнча кайрылуу жасады

"Мындай жагдай коомчулуктагы социалдык чыңалууну күчөтүп жибериши мүмкүн экени чындык"

Кыргызстандын медиа коомчулугу журналисттердин жапырт камалышы боюнча кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексин толугу менен беребиз:

2023-жылдын 15-16 январында Кыргызстанда көз карандысыз журналисттерди жапырт камоо, алардын үйүндө жана кеңселеринде тинтүүлөр жүрдү.

15-январда “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «24.kg» маалыматтын агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүрүп, анын жүрүшүндө кылмыш ишине мааниси бар делген басылманын компьютер, электрондук маалымат каражаттары жана башка далилдик заттар алынып кеткен.

16-январда таңкы саат 6да  болсо «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча Медиа» басылмаларынын журналисттеринин үйлөрүндө жана Temirov Live редакциясынын кеңсесинде дагы тинтүү жүрдү.

Милиция кызматкерлери Махабат Тажибек кызы (Temirov Live редакциясынын директору), Сапар Акунбекова(«Айт Айт Десе»), Азамат Ишенбеков («Айт Айт Десе» медиасында иштеген акын), Сайпидин Султаналиев («Арча Медиа»), Актилек Капаров («Алга Медиа»), Тыныстан Асыпбеков («ПолитКлиника»), Максат Тажибек уулу (Temirov Live), Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекееваларды суракка алып кетишкен.

ЖМКларга кысым, журналисттердин кесипкөй ишмердүүлүгүнө байланыштуу аларды куугунтуктоо ар бир жарандын эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу экенин, ар бир адамдын өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу экени ачык жазылган КРнын Конституциясын (32-берене) түздөн түз бузуу болуп саналат.

Ошондой эле, Кыргызстан укуктук мамлекет жана эл аралык коомчулуктун толук укуктуу мүчөсү катары сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоо жаатындагы бардык эл аралык стандарттарды сактоого милдеттенген. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык пактынын 34-беренесинде мамлекеттик бийликти сындаган сөздөрдү коргоонун өзгөчө маанилүүлүгү мындай билдирүүлөрдүн жогорку социалдык маанисисине байланыштуу ачык-айкын белгиленет.

Учурда орун алып жаткан өлкөнүн процессуалдык нормаларын бир катар одоно бузуулар дагы өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Алсак, журналисттердин үйлөрүн жана алар эмгектенген кеңселерди тинтүү адвокаттардын катышуусуз, ошондой эле сурак учурунда тиешелүү сандагы жактоочуларсыз жүргүзүлгөн. Ал эми кармоолорду таңкы сааттарда жүргүзүү мыйзамдуулуктун негизги принциптерин бузуунун коркунучтуу белгиси болуп саналат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат каражаттары саясий мекемелер эмес, алардын миссияларында бийлик үчүн күрөшкө катышуу ниети жок. Журналисттерге коррупцияга каршы күрөштө коомдун куралы катары бийликтин иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугуна умтулуу түрүндө маанилүү милдет жүктөлгөн. Журналисттер укук коргоо жана сот органдары аракетсиздик кылган учурда жарандардын адилеттүүлүгүнүн акыркы үмүтү болуп саналат. Көз карандысыз маалымат каражаттарынын жок болушу саясатчыларды, активисттерди, карапайым жарандарды коомчулукка жана бийликке өз үнүн жеткирүү, мыйзамдуулукка, калыстыкка чакыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Журналисттерди массалык баш аламандыкка чакырып, согушка үгүттөгөн деп айыптоо логикага жана фактыларга негизделбеген абсурддуу көрүнүш болуп саналат. Бул айыптоолор - журналисттерди коркутуп, өлкөдө цензура орнотуу аракети. Коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууда жана бийликтин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоодо журналистиканын ролун баалоонун ордуна мындай айыптоолорду тагуу көз карандысыз, эркин маалыматтын булактарын алсыздатып, жок кылуу аракети болуп жаткандай.  Мындай жагдай коомчулуктагы социалдык чыңалууну күчөтүп жибериши мүмкүн экени чындык.

Буга байланыштуу медиа коомчулугу төмөнкүлөргө чакырат:

- Кыргызстандын бийлиги журналисттерди кесиптик ишмердүүлүгү үчүн куугунтуктоону токтоосуз токтотсун, ошондой эле жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн куугунтуктоодон коркпостон жүргүзүүгө шарт түзсүн.

- Президенттик аппарат сөз эркиндигин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин басмырлаган ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайра чакыртып алуусу керек. Бул мыйзам долбоору КР Конституциясын түздөн-түз бузуу болуп саналат. 63-беренеде сөз эркиндиги, басма сөз жана маалымат эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат деп ачык жазылган.
- Биз өлкө бийлигин коррупцияга, бюрократияга жана башка терс көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөштү күчөтүү, күчтүү Кыргызстандын өнүгүшүн камсыздоо үчүн көз карандысыз маалымат каражаттары менен диалогду баштоого чакырабыз.

- Биз Кыргызстандагы журналисттердин куугунтугу боюнча үн катуу өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылабыз.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх