Башкы прокурорду Шайлообек Атазов Матримов менен байланышы бар экенин айтып, анын кызматтан кетишин талап кылды
«Сен өзүң аны менен кан дос болуп, туулган күндөрдү чогуу өткөргөнсүң»
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн парламент жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетишин талап кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, артында кимдир-бирөөлөр турган фейктер жана айрым журналисттер анын аброюна шек келтирген, жалган маалыматтарды таратып жатышат.
Атазов ошондой эле өзүнүн депутаттык мандатынан ажырашына Зулушевдин күнөөлүү экенин, бул анын Профсоюздар федерациясы тууралуу мыйзам долбоорлоруна байланыштуу экенин билдирди.
«Матраимов менен менин байланышым бар деп айттыңыз. Бирок ага кайсы саясатчы тиешеси жок? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн көп адамдар менен байланыштым. Менин күнөөм Матраимовдун спортко жардам бергенин айтканым», - дейт Шайлообек Атазов.
Ал ошондой эле башкы прокурор Зулушевдин өзү Райымбек Матраимов менен түздөн-түз байланышы бар экенин билдирди.
«Мен кичинекей балыктар жөнүндө айтпай эле коёюн, бирок эки кит жөнүндө сүйлөшөм. Урматтуу Башкы прокурор, сиз өзүңүз аны менен кан дос болуп, туулган күндөрдү чогуу өткөрдүңүз. Сиз үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, анын кылмышкер экенин байкаган жоксузбу?
Муфтияттын имаратын ачканда эле камап койсоңуз болмок», - деди депутат.
Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге өткөрүп берүү чечимин чыгарган.
Сүрөт: www