Президент маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорун чакыртып алууну буйруду
Мыйзам долбоору кайрадан иштеп чыгуу үчүн жумушчу топко жөнөтүлөт
Президент Садыр Жапаров ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайра чакыртып алып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топко кайтарууну тапшырды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Буга чейин мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда мыйзам долбоорун аягына чейин иштеп чыгуу зарыл деген пикирге келген.
Белгилей кетсек, 4-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети ЖМКлар жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Буга чейин Маданият министри жыйындарга келбегендигине байланыштуу ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун кароо бир нече жолу жылдырылган.
Эске сала кетсек, 2022-жылдын 7-декабрында президенттин жарлыгы менен «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Аны өлкө башчынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушев жетектеген.
Жумушчу топ жарым жылдын ичинде үч гана жолу чогулуп, президенттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча медиа уюмдардын сунуштарын эске алышкан эмес.
Медиа коомчулуктун өкүлдөрү укуктук камсыздоо бөлүмүнүн алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоору Конституциянын, эл аралык келишимдердин нормаларына жооп бербестигин жана коомдо туруктуулукту сактоого салым кошпогондугун, журналисттердин жана массалык маалымат каражаттарынын укуктарын пропорционалдуу түрдө чектеп жатканын, жана айрым министерстволорго алардын компетенциясына кирбеген кайталанган функцияларды жуктөөрүн баса белгилешкен.
Сүрөт: www