Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Айбек Осмоновду мандатынан ажыратты

Эми бир мандаттуу Ош шайлоо округунда депутатты шайлоо болот

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновду мандатынан ажыратты.

Мындай чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык Осмонов мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Ал бир мандаттуу Ош шайлоо округунан шайланган.

Эске сала кетсек, буга чейин Регион телеканалы Жогорку Кеңештин депутаттарынын Райымбек Матраимов менен байланышы тууралуу сюжет көрсөткөн. Мурдагы бажычы Искендер Матраимовдун бир тууган агасынан тышкары Абдывахап Боронбаев, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Надира Нарматованы атаган. Материал Райымбек Матраимовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөө жарыялангандан кийин, УКМК анын мүлкүн камакка алгандан кийин чыкты. Ошондой эле алар Матраимовго тиешеси бар депутаттар мандаттарын тапшырышы керек деген маалыматты айта башташкан.

Депутат Абдывахап Боронбаев биринчилерден болуп ыйгарым укуктарынан баш тартып, мандатын тапшырды. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы Искендер Матраимовду да, Нурлан Ражабалиевди да мандатынан ажыраткан.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх