Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Надира Нарматова: Андай болсо парламент таркаш керек

Депутат Раим Матраимовду тааный турганын мойнуна алды

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Раим Матраимовду тааный турганын мойнуна алды. Бул тууралуу ал Govori.TV телеканалына берген маегинде билдирди.

«Ал ар дайым баарына жардам берген кыйын кыргыз жигити. Ал коронавирус болгондо мамлекетке жардам берген. Мен анын акчасын кайдан алып жатканына кызыкпайм, бирөөнүн чөнтөгүнө киргим келбейт. Бирок алардын фонду жүздөгөн адамдарга жардам берди. Бул тууралуу мен айткам, ага дагы көптөр ыраазычылык билдиришти. Мындайда биз эле эмес, карапайым эл жооп бериши керек. Матраимовду 99 пайыз чиновниктер, байлар таанып, аны менен чай ичип, анын иш-чараларына барган. Анда парламентти да таратыш керек, анткени Раимди депутаттардын 99 пайызы билет», - дейт ал.

Эске сала кетсек, Раим Матраимов коррупцияга шектелип издөөдө жүргөн.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райым Матраимовдун бардык мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын кланына тиешеси бар бардык мамлекеттик кызматкерлер кызматтан алынарын билдирген. Андан соң атайын кызматтын аракеттеринин натыйжасында мурдагы бажы кызматкеринин 34,8 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өткөн.

Бир катар аткаминерлер ээлеген кызматынан бошотулуп, айрым депутаттар да мандатын тапшырышты, мисалы Раимдин бир тууганы Искендер Матраимов.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх