Орусияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды
Добуш берүү үч күнгө созулат
Орусияда бүгүн, 15-мартта президенттик шайлоодо добуш берүү башталды. Ал үч күнгө созулуп, негизги добуш берүү күнү 17-мартта болот. Бул көп күндүк добуш берүү форматы колдонула турган биринчи президенттик шайлоо, деп жазат РИА Новости.
Россия Федерациясынын Конституциясына ылайык, президент Россиянын жарандары тарабынан жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу алты жылга шайланат.
Шайлоо бюллетенинде төрт талапкер болот. Владимир Путинден тышкары булар Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владислав Даванков («Жаңы адамдар»), ЛДПРдин лидери Леонид Слуцкий жана Мамлекеттик Думанын Ыраакы Чыгышты жана Арктиканы өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Николай Харитонов (КПРФ).
Сүрөт: www