Алмазбек Сокеев айыл чарба министринин орун басары – суу чарба кызматынын башчысы болуп дайындалды
Буйрукка Акылбек Жапаров кол койду
Алмазбек Сокеев суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – министрликке караштуу суу чарба кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Буга чейин министрлер кабинетинин башчысы айыл чарба министринин үч орун басарын кызматтан алып, жаңыларын дайындаган.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз