Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдарды экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди

Тыюу салуу алты айга киргизилет

Акылбек Жапаров Кыргызстандан жыгач жана жыгач материалдарын ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу боюнча токтомго кол койгонун министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документке ылайык, ЕАЭБдин ТН ВЭД 4401, 4403, 4407 коддору боюнча классификацияланган жыгачты жана токой материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат. Бул токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте убактылуу чектөө киргизилгендиги тууралуу билдирүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө кабарлансын.

Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх