Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда гербди алмаштырууну ойлонуп жатышат

Токаев эң мыкты эскизге сынак жарыялады

Казакстанда гербди алмаштырууну чечишти. Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев эң мыкты эскизге сынак жарыялады, деп жазат Tengrinews.kz.

Улуттук Курултайдын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө ал Казакстандын герби өтө татаал экенин, анда эклектика жана совет доорунун белгилери камтылганын белгиледи.

«Мамлекеттик гербге келсек, Казакстандын герби өтө татаал, анда эклектика жана совет доорундагы гербдин белгилери бар деген адистердин жана кызыкдар жарандардын, анын ичинде жаштардын жүйөлүү аргументтерин эске алышыбыз керек деп ойлойм. Жалпы макулдашууга келсек, бардык аспектилерди мазмундуу карап, коомдук талкууларды өткөрө турган атайын комиссия түзөбүз. Андан кийин Казакстандын жаңы мамлекеттик гербинин эң мыкты эскизине ачык сынак жарыялайбыз», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх