Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок жазадан бошотту

Саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылды

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишин кароону аяктады.

Талкууда прокурор Мадумаровду эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазасыз күнөөлүү деп таап, бирок камакта калтырууну суранды.

Соттук отурумда айыпталуучу дагы акыркы сөздү айтты.

Кеңешме бөлмөсүнөн чыккандан кийин сот өкүмүн жарыялап, ага ылайык Адахан Мадумаров мамлекетке чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулду.

Мадумаров өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Мадумаровго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык») боюнча кылмыш иши козголгон. Саясатчы 2-сентябрда кармалып, СИЗОго киргизилген.

Кеп 2009-жылы Худжанд шаарында кол коюлган протоколго байланыштуу, ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров тажик тарап менен эки өлкөнүн мамлекеттик орган жетекчилеринин Коопсуздук катчыларынын жетекчилиги астында өткөн жумушчу жолугушуунун жыйынтыгында кол койгон. Документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан аянты 5 гектар, узундугу 275 метр болгон жер тилкесин 49 жылга ижарага алган. Протокол Худжанддагы сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынды.

Мындан тышкары, депутаттын дарегине 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу арыз жазылган. Ал алдамчылык, тактап айтканда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кассасынан 50 миң доллар алып кеткен деп айыпталган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх