Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакудан кармалган Матраимов Бишкекке жеткирилди

Алар УКМКга жеткирилди

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарынан кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгенин редакциянын ишенимдүү булактары маалымдады.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен төрт кыргызстандык Бишкекке өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бул тууралуу 26-мартта мамлекеттик "Азертаг" маалымат агенттиги жазды. Алардын аты-жөнү белгиленген эмес.

Андан тышкары Кыргызстанда кармалган беш азербайжандык боюнча расмий Бишкекке маалымат берилгени жазылган.

Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир туугандары кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.

23-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) Райымбек Матраимов Баку шаарында экени аныкталып, аны кармоо тууралуу Азербайжанга кат жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Анын алдында УКМК трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү делген Азербайжандын беш жаранын кармаган.

Атайын кызмат алар криминалга каршы күрөшүп жаткан бийликке кол салуу үчүн Кыргызстанга атайын келгенин белгилеп, аларды Райымбек Матраимов менен байланыштырган.

УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, ал тууралуу багыттама бергени быйыл январь айынын аягында белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Фото: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх