Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Space X компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргызстандыктарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо маселеси талкууланды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бактыбек Аманбаев америкалык Space X компаниясынын глобалдык лицензиялоо жана активдештирүү боюнча директору Ребекка Хантер менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда кыргызстандыктарды космостон жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу америкалык компания менен сүйлөшүүлөр эки жыл мурун башталган.

Ребекка Хантер аткарылган иштер жана долбоордун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөр тууралуу айтып, аларды чечүү боюнча өзүнүн сунуштарын да билдирди.

Бактыбек Аманбаев өз кезегинде Space X менен жемиштүү кызматташууну белгилеп, биргелешип иш алып барууга жана максатка жетүү үчүн аракет кылууга убада берди.

Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх