Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев менен Ятимов чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өткөрүштү

«Мамлекеттик чек ара сызыгынын ордун мындан ары аныктоодо тараптар олуттуу натыйжаларга жетишти»

Бүгүн Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун кезектеги жолугушуусу өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, делегация башчылары чек араны делимитациялоо маселесин калган тилкелерде талкуулоону улантып, калган тилкелерде эки мамлекеттин чек ара сызыгынын жүрүшүн андан ары аныктоодо олуттуу жыйынтыктарга жетишти, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү, деп кошумчалады министрлер кабинети.

 

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх